Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Мыкты тарбиячы-2018»

      Кадамжай шаарында мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин арасында, педагогикалык стажы 5 жылдан кем эмес тарбиячылардын  «Мыкты тарбиячы-2018» кароо сынагы болуп ɵттү.  Иш чара  «Бактылуу балдар» бала бакчасынын базасында ɵтүп, ага кароо сынактын аймактык турунда   тандалып алынган алдынкы тарбиячылар катышышты. Сынактын  катышуучулары ɵздɵрүнүн жылдык иш планын, иш кагаздарын толук кɵргɵзүшүп,  педагогика, психология, филология боюнча суроолорго жооп беришип, аткаруу чеберчиликтерин, алдынкы иш тажрыйбаларын кɵрсɵтүштү. Кароо сынактын максаты, райондогу мектепке чейинки билим  берүү мекемелеринин деӊгээлин кɵтɵрүү, алдынкы тажрыйбаларды жайылтуу жана окутуу тарбия иштерин  уюштуруу, ɵнүктүрүү  үчүн шарт түзүү болуп саналат. Иш чаранын жыйынтыгында  «Баластан-Охна» балдар бакчасынын тарбиячысы жеӊүүчү деп аталып  профсоюздун райондук комитети тарабынан ардак грамота жана балуу белектер менен сыйланды.