Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мыкты социалдык өнөктөштөн балдарга белек.

2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылынын алкагында Ноокен районундагы Достук айыл өкмөтү №26 Т. Анаркулов атындагы орто мектебинин окуучуларын ташуу үчүн мерседес-бенц үлгүсүндөгү кичи автобус белекке берди. Бул иш чара №26 Т. Анаркулов атындагы орто мектебинде өтүп, анда Достук айыл өкмөтүнүн башчысы З.Мамасадыков, айыл тургундары жана мектеп жамааты катышышып, салтанаттуу түрдө тапшырылды. Эске салсак Достук айыл  өкмөтү 2018-жылдын жыйынтыктары менен республика боюнча  “Жылдын мыкты айыл өкмөтү” номинациясынын ээси болгон. Айылдын тургундары Достук айыл өкмөтүнүн балдар үчүн жасап жаткан камкордук иштерин жогору баалашты. Эми алыстан келген окуучулардын коопсуздук маселеси чечилди деп айтсак жаңылышпайбыз. Достук айыл өкмөтүнүн башчысы З.Мамасадыковго жана эмгек жамаатына ыраазычылык билдиребиз.

 

 

Ноокен райКБКнын инспектору

Т. Бакиров