Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мыкты социалдык өнөктөштүк – мугалимдерге колдоо.

Баткен шаарынын  мэриясы   5-октябрь  мугалимдердин кесиптик майрамынын  урматына Баткен  шаарындагы  мугалимдерди жана тарбиячыларды   сүйүнттүКыргыз  Республикасынын   “Мугалимдин  статусу жөнүндө мыйзамынын”  8-беренесине жана  Баткен шаарынын Мэриясынын (мэр  М.Рахимов), Баткен шаардык  билим берүү бөлүмүнүн (башчысы  А.Ахматбеков) жана  билим берүү кызматкерлеринин   профсоюзунун   Баткен   шаардык  комитетинин (төрайым  М.Калыкова)  ортосунда  2020-2022-жылдарга  түзүлгөн үч  тараптуу  макулдашууга  ылайык   жергиликтүү  бюджеттин эсебинен  Баткен  шаарындагы  билим берүү  мекемелеринде эмгектенген  мугалим жана тарбиячылардын  ар бирине  500  сом  өлчөмүндө   коммуналдык чыгымдар  үчүн  каражат берүү маселеси макулдашылган. 2020-жылдын 2-октябрь күнү  жалпысынан  Баткен шаарындагы  400 мугалим, тарбиячылардын ар бирине 500 сомдон  банктык   эсебине  жалпысынан  200 000 сом  которулду. Мугалимдердин  беделин көтөрүүдө  жергиликтүү  бийлик  органынын (Баткен шаарынын мэриясынын)     профсоюз уюму  менен  социалдык  өнөктөштүктө тыгыз иш алып барганы мугалимдер үчүн  да  социалдык колдоо катары  кабыл алынууда. Баткен шаарынын  мугалимдер  жамааты, жергиликтүү бийликтин  кесиптик  майрам  алдында  көрсөткөн  бул колдоосуна  жана  Баткен  шаардык  профсоюз комитетинин  социалдык өнөктөштөр  менен  натыйжалуу  иш алып баруусуна  терен  ыраазычылык   билдиришүүдө.

 

 

Даярдаган  М.Калыкова