Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мыкты сабак - азыркы мезгилдин талабы

«Мугалим - билимдин күзгүсү» - деп айтылгандай азыркы убакта жаңы типтеги сабактарды өтүүнүн жолдорун издеп, изилденип иштеп жаткан мугалимдерибиз арбын. Жаздын илеби келип, инсандардын маанайлары жазга окшоп жадырап жайнаган мезгилде Аксы районунда аймактардан мыкты деп тандалып келген мугалимдердин сынагы болуп өттү.

Бул сынакта биздин Т.Сатылганов атындагы №42 мектебинен математика мугалими Гулипа Надырбекова да катышты. Г.Надырбекова аябай изденүүнү, жаңыланууну жакшы көрөт. Ар бир өткөн сабагын жаңы усулдардын түрлөрүн камтыган түрдө өтөт. Ошон үчүн окуучулары Гулипаны бир саамга бош койбой артынан «эжекелеп» жүрүшөт.

«Жылдын мыкты мугалими - 2021» райондук сынакта Г.Надырбекованын жаңы типтеги сабагын, долбоорун, көрсөтмө куралдарын көргөндөр баары аябай ыраазы болгонун жашыра алышкан жок. Калыстыкты так аткарган калыстар тобу да туура чечим чыгарышты. Гулипа Надырбекова жеңүүчү деп табылды. Жыйынтыгында Аксы райББнын жетекчиси Эмил уулу Талант сынакка катышкан жалпы мугалимдерди куттуктап, Гулипаны мындан ары дагы ийгиликтерди багындыруусун, областта да алдыңкы орунду алуусун каалады. Аксы райондук кесиптик бирлигинин төрагасы С.Камчыбеков да сөз сүйлөп ар бир катышуучуга акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Гулипа эми Аксы районунун намысын областта коргоп, байгелүү орундар менен келээрине ишенебиз.

 

 

Маалыматты даярдаган: Жалал-Абад облпроф комитетинин төрагасы Исмаилов А.А.