Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

« Мыкты профсоюз каанасы- 2018» райондук кароо-сынак жыйынтыктары

          Кара-Суу райондук профсоюз комитети тарабынан «Аймактарды өнүктүрүү» жылынын алкагында 2018-жылдын 10-апрелиндеги № 1-13 токтом менен Президиумда 24 пункуттан турган райондук кароо-сынактын Жобосу иштелип бекитилген. Райондук кароо-сынак 2 этап менен жүргүзүлдү.

1 этап  Райондогу 17 айыл аймактын деӊгээлинде. Кароо-сынакка айыл аймакта жайгашкан мектептер катышышты. Жыйынтыгында айыл аймак боюнча 1 мектеп жеӊүүчү болуп табылып райондук 2 этапка жолдомо алышты.

2 этап  2018-жылдын 9-11-октябрь күндөрү атайын буйруктун негизинде   комиссиянын курамы аймактардан жеӊүүчү болгон мектептердин профсоюз кааналарын карап чыгышып өздөрүнүн чечимин чыгарышты.

1 орунга Кара-Суу шаарында жайгашкан № 66 В.И.Ленин атындагы орто мектебинин профсоюз каанасы татыктуу болду.

2 орунду Нариман айыл аймагында жайгашкан №15 Х.Мирзажанов атындагы орто мектебинин профсоюз каанасы  ээледи.

2 орунду Жоош айыл аймагында жайгашкан  № 45 Ж.Бъкънбаев атындагы орто мектебинин профсоюз каанасы  ээледи.

3 орунду  Мады айыл аймагында жайгашкан № 40 Б.Азизов атындагы орто мектебинин профсоюз каанасы  ээледи.

3 орунду Төлөйкен айыл аймагында жайгашкан № 99 Н.Сайдиев атындагы орто мектебинин профсоюз каанасы  ээледи.

          Мындан тышкары «Мыкты профсоюз каанасы- 2018» райондук кароо-сынакка райондогу мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы профсоюз уюмдары да катышты. Алардын ичинен эӊ мыкты деп төмөнкү мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы профсоюз уюмдарынын профсоюз кааналары табылды.

1 орун Кызыл-Кыштак айыл аймагында жайгашкан Ы.Ахмадалиева атындагы  мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы профсоюз уюму.

2 орун Кащкар-Кыштак айыл аймагында жайгашкан  «Айдос Жарооз»   мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы профсоюз уюму.

3 орун Сарай айыл аймагында жайгашкан « Нурданек» мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын баштапкы профсоюз уюму.

           Кароо-сынактын жеӊүүчүлөрү Кара-Суу райондук профсоюз комитети тарабынан диплом, акчалай сыйлык, вымпель жана спорттук тренажер (велоргометр) менен сыйланышты.

 

Даярдаган Жакыпов П.