Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Мыкты мугалим» тандалды

Ала-Бука районундагы сегиз айыл аймактарында «Мыкты мугалим» конкурсунун экинчи туру өткөрүлдү.

Анда мыкты деп табылган 17 мугалим райондук турга жолдомо алып  райондук турга катышты.

Калыстар тобунун чыгарган жыйынтыгы боюнча калыстар тобунун төрайымы Н.Орунбаева конкурстун катышуучуларынын аракеттери жана чыгырмачылыктарына кеңири токтолуп толкунданып турган катышуучулардын алган упайларын жана ээлеген орундарын айтты.

Катышуучулардан Гран-прини Бөкөнбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин кыргыз тили мугалими - Батырбекова Нурзада, биринчи орунду Кулуев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин  мугалими - Азимов Азамат, сафед булан жалпы билим берүүчү гимназия мектебинин математика мугалими - Базарбаева Зулхумар, үчүнчү орунду Балтагулов  тындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин орус тили мугалими - Байдөөлөтова Назирага ыйгарылды.

Жыйынтыгында райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин төрагасы Дурусалиев Жакыпбай Тургуналиевич куттуктоо сөздөрүн айтып кесиптик бирлик комитети тарабынан уюштурулган баалуу белектерди жана дипломдорду тапшырды.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ала-Бука райондук комитети