Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мыкты калпак макети

Аксы районуна караштуу Т.Уметалиев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 5-март – Калпак күнүнө карата мектеп жетекчилиги жана кесип бирлигинин колдоосу менен «Мыкты калпак макети» сынагы өткөрүлдү. Бул сынакка жогорку класстардын окуучулары катышышып, ар бир класс өзүнүн жасаган чеберчилигин көрсөтө алышты. Бул учурда калпак макет жасоо менен гана эмес калпак  жана анын түрлөрү жөнүндө түшүндүрмө берип өтүштү. Сынактын жыйынтыгында 10-класстын Шумкарлар тобу биринчи орунга ээ болушуп, калпак жана кызыктуу сыйлыктар менен сыйланышты.

 

Маалымат даярдаган кесип бирлигинин төрайымы Н. Сейдилова