Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мыйзамдуулукка карай жол “Брейн-ринг” интелектуалдык оюну

2018-жылдын 26-октябрь күнү Баткен шаарында Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Баткен областтык комитети тарабынан «2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылынын» алкагында тармактык профсоюз уюмдарынын ишмердиктерин жаны сапаттуу денгээлге көтөрүү, алардын иштеринин натыйжалуулугун жогорулатуу жана Баткен областындагы билим берүү профсоюздарынын ролун күчөтүү” максатында, билим жана илим  кызматкерлеринин профсоюзунун  Баткен областтык комитетинин  2018- жылдагы иш планына ылайык райондук, шаардык билим берүү мекемелеринин баштапкы профсоюз уюмдарынын командалары арасында “Брейн-ринг” интелектуалдык  оюнунун областтык  туру өткөрүлдү.

“Брейн-ринг” интелектуалдык  оюнуна. ар бир  район, шаарлардан 5 тен баштапкы  кесиптик  уюмдун  төрагаларынан  түзүлгөн төмөнкүдөй командалар  катышты,

1. Кадамжай районунан “Профсоюз нуру” командасы,

2. Баткен районунан  “Адилет 1” командасы

3. Баткен шаарынан    “ынтымак” командасы

4. Сүлүктү шаарынан   “Адилет 2” командасы

5. Кызыл Кыя шаарынан “Биримидик” командалары

“Брейн-ринг” интелектуалдык  оюнунун жүрүшүндө командаларга Кыргыз Республикасынын “Билим  берүү  жөнүндөгү”, “Мугалимдин  статусу”, “Эмгек  Кодекси”,  “Кесиптик  бирликтер жөнүндөгү”, “Эмгекти Коргоо”, “Дин жөнүндөгү”, мыйзамдар, КРнын билим беруу жана илим кызматкерлеринин профсоюзунунун Уставын, Баштапкы  кесиптик  уюмдардын ЖОБОлорунан даярдалган   суроолор берилип, жыйынтыгында финалдык турга 5 команданын арасынан 3 команда  чыгып,  I   орунга  Баткен районунан  “Адилет 1” командасы, II  орунга Кадамжай районунан “Профсоюз нуру” командасы,III орунга  Кызыл Кыя шаарынан   “Биримидик” командалары ээ болушуп, областтык комитеттин диплому жана  акчалай  сыйлыктары тапшырылды.

Мындан сырткары профсоюз кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата профсоюз мүчөлөрүнө Борбордук комитеттин төш белгиси жана ардак грамоталары  тапшырылып сый тамак уюштурулду.

Брейн-ринг интелектуалдык оюнунун жүрүшү Баткен областтык мамлекеттик телевидениеси аркылуу көрсөтүлдү.

 

 

Уюштуруу,укук иштери боюнча адиси  К.Акимов