Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимге таазим

Тогуз–Торо райондук билим берүү бѳлүмү жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун  райондук комитети мугалимдердин кесиптик майрамына карата райондук маданият үйүндѳ «Мугалимге таазим» деген темада  алдыӊкы билим берүү кызматкерлеринин катышуусунда майрамдык иш чара ѳткѳрүлдү.

Майрамдык  иш-чара райондогу билим берүү уюмдарынын жетишкен ийгиликтери жана алдыӊкы мугалимдердин иш тажрыйбасын чагылдырган   видео  тасма  менен башталды.    

Майрамдык салтанатка райондук мамлекеттик администрация башчысы–аким Т.К.Идирисов жана айыл округ башчылары катышып, мугалимдердин кесиптик майрамы менен куттукташты.                                       

 Алдынкы мугалимдерге КР   Билим берүү  жана илим  министрлигинин «Билим берүүнүн  мыктысы»  тѳш  белгиси  менен 3, «Ардак  грамотасы»  менен  15, Облустун «Ардак грамотасы»  менен 5, райондук мамлекеттик администрациясынын «Ардак грамотасы» менен 10 мугалим , райондук билим берүү бѳлүмү «Ардак грамотасы» жана акчалай сыйлыгы менен 28 мугалим,  билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитетинин  «Ардак грамотасы» жана акчалай сыйлык менен 33 мугалим сыйланды.

Айыл округ башчылары ѳздѳрүнѳ тиешелүү билим берүү уюмдарында иштеген мугалимдерге «Ардак грамота» жана акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Майрамдык иш чаранын 2 бѳлүмүндѳ №1 Макмал жана №2 А.Абдраимов атындагы орто мектебинин жаш мугалимдери даярдаган концерттик программа тартууланды.

Майрамга келген мугалимдер мугалимдер майрамдык иш чараны   уюштургандарга терен ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Даярдаган: Билим беруу кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитетинин  тѳрагасы  З.Ажыбаев