Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимге колдоо көрсөтүлдү

К.Рахманов атындагы №16 орто мектебинин мугалими Рустамбек кызы Гулчехранын  жашаган үйү күйүп, зыянга учураган.

Кесиптик бирлик мүчөбүзгө жардам берүү максатында колдоо иш-чарасы болуп, ага Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркымбаев, К.Рахманов атындагы №16 орто мектебинин директору М.Токтобаев катышып, жеринен барып кабар алышты.

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Базар-Коргон райондук комитетинин төрагасы С.Жаркымбаев кесиптик бирлик дайыма мугалимдерди колдоп келерин белгилеп, жабырлануучу мугалимге акчалай  жардам тапшырды.

Мугалим колдоолор үчүн кесиптик бирлик комитетине ыраазычылык билдирип, кесиптик бирликтин иштерине ийгиликтерди каалады.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Базар-Коргон райондук комитети