Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Мугалимдин оор ишин жеңилдетүү биздин милдет»

2019-жылдын 26-ноябрында Жалал-Абад облусунун    Сузак  районундагы №34 Ырыс  атындагы  орто  мектебинин  базасында «Региондорду өнүктүрүү  жана  өлкөнү  санариптештирүү  жылында  райком  жана баштапкы  профсоюздук  уюмдар тарабынан үч  тараптуу  макулдашууларды  аткарылышы боюнча  жыйынтыктар”  темасында райондук  семинар болуп  өттү. Семинарга обкомдун, райБББнун, райкомдун  кызматкерлери, айыл өкмөт  башчылары,  мектеп  директорлору, баштапкы профсоюздук  уюмдун  төрагалары  катышты.

Катышуучулар семинардын 1-бөлүнгүндө  райондогу  профсоюздук  уюмдардын иш  аракеттерин чагылтырылган көргөзмө  жана мектептин профсоюздук бөлмөсүндөгү  иш  кагаздар  менен  таанышышты.

Семинардын  2-бөлүгү мектеп жамаатынын  жана окуучулардын профсоюз уюмун  даңазалаган концерти  менен  башталып,  мектептин  администрациясы  менен  профсоюз  уюмунун  макулдашуулардын  негизинде  аткарылган  иштери жөнүндөгү мектептин  директору  Д.Иманова,  профкому  Ч.Кыргызбаевалардын маалыматтары  сладдар  менен жасаган билдирүүлөрү  менен  аяктады.

3-бөлүгүндө   Сузак  райкомунун  төрагасы  А.Ж. Орозалиев “Социалдык  өнөктөштөр менен аткарылган иштердын  жыйынтыктары”  темасында билдирүү  жасады.Ал  өзгөчө  айыл  окмөттөр  менен чечилген иштер  аркылуу  мугалимдердин социалдык-экономикалык шарттары жакшырлылгандыгын белгилеп, Барпы, Көгарт  айыл өкмөттөрүнүн башчыларына ыразычлыктарын  билдирди.

Семинарда билдирүүлөр  боюнча талкууда ардагер  мугалим,  президиум мүчөсү  А.Авазов Барпы  айыл  өкмөтү  тарабынан  мугалимдерге  көрсөтүлүп  жаткан камкордуктарга ыраазычылыгын билдирип, “ мектептердин  ремонт  иштерин айыл  өкмөт  өз  жоопкерчилигина алса,  мугалимдердин  оор  иши жеңилдеген  болот  эле” деп  өз сунушун  билдирди.

Талкууда райБББнун кызматкерлери, усулчулар, айыл  өкмөт  башчысы, баштапкы профсоюздук  уюмдун  төрагалары  ой  пкирлерин, баалуу сунуштарын айтышты.

4-бөлүгүндө социалдык  өнөктөштөр   айыл  өкмөтүнүн башчылары,  мектептин  директорлору, жеңүүчү баштапкы профсоздук  уюмдардын төрагалары “Ардак Грамота”, “Диплом”,  баалуу  сыйлыктар  менен   сыйланышты.

Сыйлангандардын  атынан  Барпы айыл  өкмөтүнүн башчысы Абдисатар Сыргабаев сүйлөп,  өзүнүн  айыл  өкмөтүндө жергиликтүү депутатар  менен  кеңешип, мектептердин  ремонтун өз  жоопкерчилигине   алып,  мугалимдердин  оор  ишин жеңилдетүүгө көмөк  көрсөтүүгө убада  берди.  Семинардын  катышуучулары  кол  чабуулар  менен  кабыл  алышты.

Жалал-Абад  обкомунун инспектору А.Айдаров   суйлоп өнөктөштөргө обкомдун  ыразычылыгын билдирип, билим  берүү  кызматкерлеринин социалдык-экономикалык  маселелерин биргеликте чечүүдө  ийгиликтер  каалады.

 

Материалды  даярдаган:

Обкомдун  инспектору

А.Айдаров