Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдерге урмат, сый көрсөтүлдү

Кечээ жакында Каракол шаарындагы К.Жантөшов атындагы драм театрда мугалимдердин кесиптик майрамына арналган салтанаттуу жыйын болуп өттү.Театрдын кире беришинде окуучулар менен мектеп жетекчилери жыйынга келген мугалимдерди шаңдуу музыканын коштоосунда гүл менен тосуп алышты.

Жыйынды куттуктоо сөзү менен Каракол шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Б.Урумов ачты. Андан соң шаардын мэри Каниметов А.Ж., шаардык депутаттар кеңешинин төрагасы Айсаракунов Э. А.билим берүү кызматкерлеринин Каракол шаардык профсоюз комитетинин төрайымы Касмалиева Ж.У. жана башка өкүлдөр куттукташып, сыйлыктарды,  баалуу белектерди тапшырышты.

Бул күнү мугалимдердин ары жоопкерчиликтүү,  түйшүктүү анан да сыймыктуу милдети даңазаланып, урмат-сый көрсөтүлдү.Чынында эле мугалим өлкөнүн кыймылдаткыч күчү, коомдун күзгүсү эмеспи.




Каракол шаары 

Касмалиева Ж.У.