Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин райондук спартакиадасы уюшкандыкта өткөрүлдү

     Кара-Суу райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан мугалимдердин райондук спартакиадасы 2017-жылдын

9-апрель күнү Кара-Суу шаарында жайгашкан З.М.Бабур атындагы орто мектебинин базасында Спартакиаданын катышуучулары парадка тургузулуп Кыргыз Республикасынын Гимни ойнолуп  ачылды..

    Спартакиаданын Жобосу күн мурунттан иштерип чыгып, лозунга даярдалып, калыстар тобу менен отурум өткөрүлдү. Спартакиаданын 1 этабы март айындагы каникулда аймактарда, райондук 2 этабы  6 аймактан спорттун 6 түрүнөн жеӊүүчү болгон 300 дөн ашык  Билим берүү кызматкерлери катышышты. Спартакиаданын катышуучуларына акысыз тамак-аш, жеӊүүчүлөргө кубок, диплом, медаль, баалуу белектер  жана калыстар тобунун кызматы үчүн акча каражаты  Райондук кесиптик бирлик комитетинин бюджетинен жумшалды.

    Ош областык билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети тарабынан  2017-жылдын 12-13-май күндөрү өткөрүлүүчү спартакиадага райондон спорттун 6 түрүнөн  44 кишиден  курама команда даяр.