Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди

        Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмү жана билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун райондук комитети менен биргеликте    2016-жылдын 7-октябрь күнү мугалимдердин кесиптик майрамы райондук маданият үйүндө белгиленди.

         Майрамдык жыйынга райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Идирисов Тилек Казыбекович, акимдин биринчи орун басары Кожошов Айбек Карыбекович, айыл округ башчылары Долоотов.О,  Модобаев.Т, Бобукеев,Б, Эпеев.К катышып, мугалимдердин кесиптик майрамы менен куттукташты.

         Жыйындын жүрүшүндө КРнын Билим берүү жана илим министрлигинин, КРнын Билим  жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин,  мыктысы төш белгилери жана «Ардак грамоталары», КРнын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусу боюнча  ыйгарым өкүлчүлүгүнүн, Жалал-Абад облустук билим жана илим кызматкерлеринин профсоюз комитетинин, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн, райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин  «Ардак грамоталары» жана акчалай сыйлыктары тапшырылды.

          КРнын Билим берүү жана илим министрлигини тарабынан өткөрүлгөн «Жылдын мыкты айыл мектеби-2016» республикалык кароо-сынакта IV орунду ээлеген райондогу №1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебине акчалай сыйлык тапшырылды.

   Жыйындын сонунда, сый-тамак уюштурулуп, майрамдык концерт тартууланды.

   

Тогуз-Торо  РК төрагасы

З.Ажыбаев