Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин Август Кеңешмеси – 2016

Быйылкы жылы да 22-август күнү Сүлүктү шаарында М.Т.Ибрагимов атындагы №3 орто мектебинде мугалимдердин август усулдук окуулары болуп өттү. Анда жалпы билим берүүчү 9 мекеме, мектептен тышкары 2 жана мектепке чейинки 7 билим берүү мекемелеринин педагогикалык кызматкерлери катышышты.

     Усулдук окуунун ачылыш аземинде билим берүү бөлүмүнүн усулкаана башчысы Т.Каюмова уюштуруп, аземди ачуу үчүн билим берүү кызматкерлеринин кесиптик кошунунун шаардык комитетинин төрагасы К.С.Кудаяровго сөз берди. К.С.Кудаяров өз сөзүндө мугалимдерди жаңы окуу жылы менен куттуктап, усулдук окуунун ишине ийгиликтерди каалоо менен, кесиптик кошундун жайкы эс алууну уюштуруусу боюнча маалымат берип кетти.

    Усулдук окууда ар бир предметтер боюнча кааналарга бөлүнүшүп окуу пландарын жана билим берүү сиситемасындагы жаңылыктар, жаңы багыттар жана пландар менен ой бөлүшүштү.

     ШБББнүн башкы адиси Н.М.Джапарова, усулкаана башчысы Т.Каюмова жана К.С.Кудаяров ар бир секцияга кирип алардын иштеринин жүрүшү менен таанышты, суроолоруна жооп берип, сунуштарын кабыл алышты.

     23-августта Шаардык маданият сарайында Августтук Кеңешме өткөрүлдү. Кеңешмеде билим берүү бөлүмүнүн башчысы 2015-2016-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча кеңири доклад жасап, мугалимдердин аткарган иштери, жетишкен ийгиликтери, билим берүү мекемелеринин окуу материалдык базаларынын чыңдалышы, оңдоп түзөө иштеринин жыйынтыгы боюнча алдыңкы орундарды ээлеген билим берүү мекемлерди атап өттү.

     Аларга сыйлыктар ыйгарылып, баалуу белектер тапшырылды.

       Шаардын мэри А.Ибрагимов жалпы билим берүү кызматекрлерин жаңы окуу жылынын башталышы менен куттуктап, ийгиликтери менен белгиленген мугалимдерге мэриянын ардак грамоталарын тапшырды.

        

                                               Р.И.Нурматова №3 М.Т.Ибрагимов атындагы

                                                орто мектебинин кесиптик кошун төрайымы