Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин секциялык усулдук окуулары өтүлдү

2024-жылдын 12-январында Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу жалпы билим берүүчү уюмдарында 2023-2024-окуу жылына карата мугалимдердин январь секциялык окуулары өтүлдү.

Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Джапарова Назира Махаматкуловна "2024-жыл Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим тармагын өнүктүрүүгө 7 кадам" аттуу презентациясын талкуулап,  мектепке чейинки билим берүү жана балдарды эрте өнүктүрүү, билим берүүнүн сапаты, билим берүүнү санариптештирүү темасында кеңири маалымат берди.

Сүлүктү шаарынын мэри Абдыжапаров Болот Шаршеналиевич мугалимдерди жаңырган жылы менен куттуктап, билим берүүнү өнүктүрүү үчүн заман талабына жараша IT технологиясын өнүктүрүүнү сунуштады. Жана  билим берүүнүн сапатын жакшыртууга кандай шарттар талап кылынса, ар дайым колдоо көрсөтөөрүн билдирди.

Ал эми Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы Кудаяров Канатбек Сапарович мугалимдердин усулдук окуусуна ийгилик каалоо менен, кесиптик бирликтин 2023-жылдагы аткарган иштери, ийгиликтери жана 2024-жылга алдыга койгон иш-пландары тууралуу маалымат берип, окуу жылдын жыйынтыгы боюнча мугалимдерге көрүлө турган камкордуктар жана күтүлүүчү сыйлыктар боло тургандыгын белгилеп кетти.

Усулдук окуунун жүрүшүндө мугалимдердин ийгиликтери белгиленип, Билим берүү жана илим министрлигинин жана Манас драм театрынын сыйлыктары менен сыйланышты. USAID "Окуу керемет!" долбоору тарабынан ментор жана улуттук тренерлерге белектер тапшырылды.

Андан соң мектеп жетекчилерине стандарттык тесттердин, PISA,ЖРТлардын жыйынтыктарынын SWOT-анализи, Baalooapp тиркеме аркылуу сабактарга анализ берүүнүн жолдору тууралуу маалымат берилди.

Жалпы предметтик мугалимдер арасында "Окуу керемет!" долбоорунун стратегиялары, окуу көндүмдөрү(сабак) ЖРТнын жыйынтыктарынын SWOT-анализи, усулдук кейс(презентация) жөнүндө сабактар, практикалык иштер,мастер-класстар өтүлүп, талкууланды.

 

 Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Сүлүктү шаардык комитети