Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

МУГАЛИМДЕРДИН РАЙОНДУК СПАРТАКИАДАСЫ БОЛУП ӨТТҮ

  Билим берүү кызматкерлеринин спартакиадасынын аймактык туру апрель айында өтүп,  4-майда райондук туру болуп өттү.  Баткен шаарындагы В.И.Ленин атындагы орто мектептин спорт залында мектеп  командалары  жана жеке  оюнчулар  волейбол жана шахмат боюнча  катышышып, күч  сынашты.   

       Спартакиадада волейбол боюнча Токтогул атындагы орто мектебинин кыздар командасы, М.Салихов атындагы орто мектептин эркектер командасы, ал эми шахмат боюнча Самаркандек гимназия мектебинин мугалими И.Раззаков,  Рават орто мектебинин мугалими М.Мажитова  жеңип чыгышты.

Спартакиаданын жыйынтыгында  жеңүүчүлөрүнө райондук комиет тарабынан даярдалаган дипломдор жана 24 000 сомдук  баалуу сыйлыктар тапшырылды. Райондук спартакиаданын жеңүүчүлөрү облустук спартакиадага жолдомо алышты. Облустук спартакиадага даярдыктар жүрүп жатат.

 

РПКнын жетектөөчү адиси                                        Б.Абдыразакова