Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин областтык август Кеңешмеси болуп өттү

Ош областтык мугалимдердин август кеңешмеси Ош Кыргыз драм театрынын залында болуп өттү. Кеңешмеге областагы райшаарлардын алдыңкы шайланып келген мугалимдери 765 делегат жана эмгек ардагерлери, айыл аймак башчылары, райондордун башчылары-акимдери, акимдердин социалдык тармактарды тейлеген орун басарлары, Кыргыз Республикасынын Президентинин областагы ыйгарым укуктуу өкүлү, анын орун басарлары жана жооптуу адистери катышышты.

Кеңешмени КР Президентинин өкүлү Э.Н.Жантаев ачып, билим берүү тармагындагы жүргүзүлүп жаткан иштерге жана кийинки окуу жылдагы аткарыла турган иштерге токтолду. Докладдын соңунда алдыңкы мугалимдерге областтык өкүлчүлүгүнүн Ардак грамоталарын тапшырды. Араван, Кара-Суу, Өзгөн райондорунун акимдери 11 мугалимге жер тилкелерин берүүгө сертификаттарын  тапшырды.

Областтык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.Тйгонбаев кеңешменин катышуучуларын куттуктап, «Жылдын мыкты айылдын мектеби-2023», «Жылдын мыкты заманбап мектеби-2023» «Жылдын мыкты инновациялык мектеби-2023» кароо-сынагынын жеңүүчүлөрүн, ушундай эле номинациялар боюнча мектепке чейинки билим берүү уюмдарын, ЖРТ боюнча алтын сертификатка  жетишкен билим берүү уюму, республикалык олимпиадада I орунга ээ болгон окуучунун предметтик мугалими, республикада жана Кахакстандын Алмата шаарында волейбол боюнча окуучулар арасында өткөрүлгөн «Мектеп лигасы» долбоорунда I орунду ээлеген Өзгөн районундагы А.Маматов атындагы орто мектебинин жамааты, балдардын чыгармачылык борборлорунун республикалык кароо-сынагында алдыңкы орунду камсыздаган Алай, Өзгөн райондук борборлору билим берүүдө жетишкен ийгиликтери жана социалдык өнөктөштүктү өнүктүрүүдөгү кошкон салымы үчүн Кара-Суу, Өзгөн райондук билим берүү бөлүмдөрү кесиптик бирликтин Ош областтык комитетинин областтыкнын дипломдору жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын «Эмгек сиңирген мугалими», «Билим берүүнүн эмгек сиңирген кызматкери» наамына ээ болгон мамлекеттик сыйлыктын ээлерине да сыйлыктар  тапшырылды.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Ош областтык комитети