Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин маселеси көтөрүлдү

Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында Жогорку Кеңештин коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттары менен иштөө бөлүмү тарабынан даярдалган “Эл өкүлү – эл менен” аттуу онлайн теледолбоору болуп өттү.

Анда Жогорку Кеңештин депутаттары Ш.К.Ташиев, М.А.Абдалиев, Г.О.Култаева, Президенттин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Т.Сыргабаев, Ноокен райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Т.И.Ишенбеков, Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов, мекеме-ишканалардын жетекчилери, райондун тургундары жана жаштар катышты.

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райондук комитетинин төрагасы К.Нышанов Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө”, “Мугалимдин статусу жөнүндө” мыйзамдарында көрсөтүлгөн мугалимдердин социалдык-экономикалык көйгөйлөрү боюнча маселеле көтөрдү.

Алсак, мугалимдерге айыл мектептерине иштөөгө келген жаш адистерге жергиликтүү бюджеттин эсебинен чарбачылыгын жүргүзүү үчүн кызматтык маянанын он эсе өлчөмүндө бир жолку жөлөкпул, жыл сайын милдеттүү түрдө мамлекеттик дарылоо-профилактикалык мекемелеринде амбулатордук медициналык акысыз кароосунан өтүү, турак жай аянты менен камсыз кылынбагандарга жер тилкелерин бөлүп берүү жана башка бир катар маселелерди чечип берүүнү өтүндү.

Ошондой эле ал жогорудагы маселелерди жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан эмес, республикалык бюджеттен камсыз кылуу жагын сунуштады.

Аталган сунунш боюнча эл өкүлдөрү мыйзам долбоору иштелип жаткандыгын айтып, чечилүүгө тийиш экендигин белгилешти.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ноокен райондук комитетинин инспектору Т.Бакиров