Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин коопсуздугу үчүн аракеттер көрүлүүдө

Азыркы учурда иш ордунда коопсуздук эрежелери сакталбагандыгына байланыштуу, жылына жол кырсыгынан жана иш учурундагы кокустуктардан жабыркаган кесиптик бирлик мүчөлөрүнүнүн саны өсүүдө.

Мындан улам 2023-жылдын 24-апрелинде Аксы районундагы Н.Мамбетов атындагы жалпы орто мектебинде кесиптик бирлик комитетинин мүчөлөрүнүн (кызматкерлердин) иш орундарындагы эмгек нускамаларды (инструктаж) түзүү жана тааныштыруу иш берүүчүнүн негизги милдети экендиги тууралуу кесиптик бирликтин төрайымы Н. Тотоева  түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Андан тышкары кызматкерлердин эмгек шартын жакшыртуу үчүн да аракеттер жасалууда. Кенже кызматкер инвентарлар менен камсыз кылынып, мугалимдердин эс алуусу үчүн  атайын бөлмө уюштурулуп, иштөөгө толук шарттар түзүлгөн.

Кесиптик бирлик комитети майрам күндөрү мугалимдердин жана кенже кызматкерлердин эс алуусун уюштуруп турат.

Кесип бирлик комитетинин мүчөлөрү жана кызматкерлери менен эмгек келишими түзүлүп, мыйзамга ылайык келишимдеги шарттарды эки тарап тең толук аткарып жаткандагын билдирет.

Мындан сырткары мектепте Бүткүл дүйнөлүк эмгекти коргоо күнү белгиленип, тегерек столдор, мугалимдер арасында спорттук иш-чаралар өткөрүлдү.

 

Маалыматты даярдаган: Н.Мамбетов ат. жалпы орто мектебинин КБКнын төрайымы Н.Тотоева