Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин кесиптик майрамы

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Баткен райондук комитети Баткен райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте 2023-жылдын 5-октябрында билим берүү  кызматкерлеринин кесиптик майрамын өткөрдү.

Иш-чарага иштеп жатышкан улгайган мугалимдер, ардактуу эс алуудагы ардагерлер, мектептердин жана балдар бакчалардын жетекчилери, айыл өкмөттөрдүн кызматкерлери, сыйлануучу  кызматкерлер чакырылып, жалпысынан 200 адам катышты.

Майрам ээлерин КРнын Президентинин Баткен областындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ж.М.Исаков, Баткен районунун акими У.И.Жоробаев куттукташып, алдыңкы кызматкерлерге сыйлыктарды тапшырышты. Иш-чара музыканын коштоосунда шаңдуу өттү.

Билим берүү кызматкерлердин кесиптик майрамын финансалык жактан кесиптик бирликтин райондук комитети колдоду. Майрамдык иш-чаранын катышуучулары уюштуруучуларга ыраазычылык билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Баткен райондук комитети