Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин кесиптик майрамы!

Билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Таш-Көмүр шаардык комитети бардык билим берүү жана профсоюз кызматкерлерин 5-октябрь мугалимдердин эл аралык майрамын уюштуруп,онлайн форматта өткөрүлдү. 2020-жылдын 2-октябрында Таш-Көмүр шаардык билим берүү бөлүмү жана профсоюз уюмунун Таш-Көмүр шаардык комитети тарабынан онлайн салтанаты уюштурулуп, мугалимдердин кесиптик майрамы менен куттукташты.Бул салтанат бардык кесиптештерге жеткиликтүү болушу үчүн онлайн форматта түз алып берүү менен коштолду.Мугалимдерди куттуктоо үчүн шаардын мэри Р.Асаналиев, вице-мэри А.Темирбаева шаардык мэрия тарабынан сыйланган мугалимдердин сыйлыктарын тапшырышып, куттуктоолорун айтышты. Ошондой эле шаардык комитет тарабынан даярдалган слайддар коюлуп, мектеп окуучулары түз эфир аркылуу куттуктоо ырларын арнашты. Борбордук комитет тарабынан билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюз уюмунун мүчөлөрүнө берилген сыйлыктар,Обком, шаарком тарабынан берилген Грамоталар тапшырылды.

 

 

Материалды даярдаган: Э.Ж.Эгизалиева