Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди

Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кара-Суу райондук комитети тарабынан 2023-жылдын 7-октябрында 5-октябрь – Мугалимдердин кесиптик майрамы жана 19-октябрь – Социалдык кызматкерлердин жана профсоюз күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Салтанаттуу иш-чарага Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Куланова Айжан Мамаевна, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын аппарат башчысы Кочкорбаев Нурлан Расулович, социалдык бөлүмдүн сектор башчысы, Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Машрапова Гүлай Эгемназаровна, Ооган согушунун ардагерлеринин Түштүктөгү  өкүлчүлүгү жана 132 мектеп, 123 мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин директорлору,баштапкы кесиптик уюмдарынын төрага,төрайымдары, чыгармачылык менен эмгектенип жатышкан мугалим-тарбиячылар, райондук билим берүү бөлүмүнүн адис-усулчулары, борборлоштурулган эсепкананын эсепчилери, жалпы 590 кызматкер катышышты.

Кесиптик майрамдарга карата өткөрүлгөн иш-чарага катышышкан №39 А.Султанов атындагы орто мектебинин технология мугалими Гаппарова Хидоят Муминовна, №77 Хамза  атындагы орто мектебинин өзбек тили, адабияты мугалими Гапирова Шахидахан Якубжановна Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин «Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин мыктысы» төш белгиси жана  «Султанмурат»  мектепке чейинки билим берүү мекемесинин директору Бостонбаева Телегей Кошунбаевна Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин Ардак грамотасы  менен сыйланышты.

Андан сырткары чыгармачыл мугалим-тарбиячыларга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Кыргыз Республикасынын Билим берүүсүнүн мыктысы жана» төш белгилери, Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын, Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн, облустук,райондук профсоюз комитеттеринин Ардак грамоталары тапшырылып, алдыңкы эмгек жамааттарына райондук профсоюз комитети  тарабынан баалуу белектер ыйгарылды.

Салтанаттуу иш-чараны Кара-Суу райондук аданият үйүнүн кызматкерлери жогорку деңгээлде уюшкандыкта алып барууга колдоо көрсөтүштү.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Кара-Суу райондук комитети