Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди

2023-жылдын 6-октябрь күнү Өзгөн районунда “Мугалимдердин кесиптик майрамы” белгиленди. Майрамдык иш-чарага Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.С.Апбазов, райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акимдин орун басары Р.С.Мырзакулов, Ош билим берүү институтунун директору Г.М.Турдубаева, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитетинин төрагасы С.А.Тойгонбаев, областтык балдардын чыгармачылык борборунун директору Р.Н.Назаров, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген мугалимдер, ардагерлер, мектеп жана бала бакчаларда чыгармачылык менен эмгектенген мугалимдер катышышты.

Өзгөн райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким К.С.Апбазов мугалимдердин кесиптик майрамы менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жана райондук мамлекеттик администрациясынын Ардак грамоталарын тапшырды. Ошондой эле билим берүү тармагында көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн  Т.Машрапов атындагы орто мектебин көп жыл жетектеген Калдарбеков Чыныбек Асаншеровичке  “Өзгөн районунун ардактуу атуулу” наамын ыйгарды.

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата мектепте, мектепке чейинки билим берүү уюмдарында чыгармачылык менен эмгектенген алдыңкы кызматкерлер Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгилери жана Ардак грамоталары, Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук Комитетинин “Билим жана илим  кызматкерлеринин кесиптик  бирлигинин  мыктысы» төш белгиси, Ардак грамоталары  жана Ош областтык билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин Ардак грамоталары менен сыйланышты.

Алдыңкы, чыгармачыл мугалимдер Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн жана райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитетинин Ардак грамоталары жана баалуу белектери менен сыйланышты.  Ошондой эле Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө “Эмгек сиңирген мугалими” наамынын ээлерине жана ардагерлер мугалимдерге Өзгөн райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды. Майрамдык иш-чара талантуу мугалимдердин жана окуучулардын ыр-бийлери менен коштолуп, жогорку деңгээлде уюшкандыкта өткөрүлдү.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Өзгөн райондук комитети