Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди.

Тогуз-Торо райондук билим берүү бөлүмү жана билим берүү жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун  райондук комитети мугалимдердин кесиптик майрамын 2020-жылдын 5-октябрь күнү айыл аймактары боюнча   билим берүү кызматкерлеринин катышуусунда майрамдык иш чара өткөрүштү. Майрамдык иш чарага райондук мамлекеттик администрация башчысы–аким А.К.Кожошов,  райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Г.А.Султангазиева жана айыл округ башчылары  катышып, мугалимдердин кесиптик майрамы менен куттукташты. Алдынкы мугалимдерге КРнын   Билим берүү  жана илим  министрлигинин  “Билим берүүнүн  мыктысы”  тѳш  белгиси  менен 7, “Ардак  грамотасы”  менен  18, Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын  “Ардак грамотасы”  менен 2, райондук мамлекеттик администрациясынын “Ардак грамотасы”  менен 18 мугалим, райондук билим берүү бөлүмү “Ардак грамотасы” менен 16 мугалим,  КРнын Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Борбордук Комитетинин “Профсоюз кыймылынын отличниги”  төш белгиси менен 4 жана “Ардак грамотасы”  менен 4 мугалим сыйланышты.  Мындан сырткары билим берүү жана илим  кызматкерлеринин профсоюзунун облустук, райондук комитетинин   “Ардак грамоталары” жана акчалай сыйлыгы менен 34 мугалим сыйланды. Айыл округ башчылары өздөрүнө тиешелүү билим берүү уюмдарында иштеген мугалимдерге “Ардак грамота” жана акчалай сыйлыктарын тапшырды.Майрамдык иш чараны   уюштургандарга мугалимдер терең ыраазычылыктарын билдиришти.

 

 

 

 

Тогуз-Торо райондук профсоюз комитети.