Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин эс алуусу уюштурулду

2024-жылдын   январь  айында Билим жана илим  кызматкерлеринин   кесиптик   бирлигинин Баткен  райондук  комитети тарабынан мугалимдерге     кышкы эс  алуу  уюштурулду.

Кесиптик   бирликтин Баткен  райондук  комитети Жалал –Абад   санаторийи  менен  келишим  түзүп,  1-январдан  14-январга  чейин   кесиптик бирликтин 30 кызматкерлеринин дарылануусуна   шарт  түздү.

Эс алуучулар жогорку деңгээлде эс алгандыктарын белгилешип,  кесиптик бирликтин  Баткен райондук  комитетине  ыраазычылыктарын  билдиришти.  Эс алгандардын бири Баткен районунун Кыштут орто мектебинин мугалими Айдаров Тойчубек  кесиптик бирликке арнап төмөндөгүдөй ыр саптарын жазган:

 

ЖАЛАЛ-АБАД САНАТОРИЯСЫНДАГЫ ЭРГҮҮ

 

Профсоюз уюму жакшы экен,

Профсоюзду мактасамбы, эмне десем.

Билбеймин нее деримди айта албайм,

Бари бир жеткире албайм ырым менен.

 

Жыйырма жыл Профсоюзга мучо болдум,

Ачык айтсам анча деле колдободум.

Айлыгы жок ким иштейт дешкен эле,

Мына бугун коруп турам колдогонун.

 

Баткенде тогуз айыл окмоту бар

55тей,11жылдык мектеби бар.

15ни бир жонотуп Жалал-абадка,

Карап корсон кандай иштейт торагалар.

 

Мектептерден алды болуп  чыккан элек,

Беш, алтоосу Кадамжай жана Лейлек.

Ошондо да эн кобун Баткен алып,

Райпрофдон 15 путевка берди белек.

 

Жаны-жылда кабар барды уйдо жатсам ,

Жагымдуу жакшы кабар Баткен жактан.

Абдилазиз Аппазович чалып калды,

Бир путёвка сага деди Жалал-Абаддан.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин  Баткен  райондук  комитети