Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин “Ден соолук - 2024” спартакиадасы

2024-жылдын 17-февраль күнү Ноокен  районунун  Масы айылындагы  С.Ногоева атындагы №2 орто мектебинин базасында билим берүү  кызматкерлеринин  “Ден соолук - 2024”  райондук спартакиадасы спорттун волейбол, шахмат, стол  тенниси  жана  тогуз  коргоол   түрлөрү боюнча  1 шаар жана 8  айыл  аймактык  курама   командаларынын 300дөн ашуун  билим берүү кызматкерлеринин  катышуусунда өткөрүлдү.

         Иш-чарага Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкомунун төрагасы А.Исмаилов, укук жана эмгекти коргоо инспектору А.Айдаров, Ноокен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.Олжобаев, Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы К.Нышанов, билим берүү мекемелеринин жетекчилери, көп жылдардан бери иштеп, билим берүү тармагына эмгеги сиңген ардагер дене-тарбия мугалимдери келип  катышып,  куттуктоо  сөздөрүн айтышты жана спартакиаданын катышуучуларына ийгилик каалашты.

          Иш-чараны уюштурууга жана өткөрүүгө Ноокен райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги  тарабынан 50 000 сом, андан сырткары Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Жалал-Абад обкому тарабынан 20 000 сом каражат бөлүп берилди.

Спартакиада  атаандаштыкта  өтүп, жыйынтыгында:

 

Командалар

1-орун

2-орун

3-орун

Шахмат

Эркек/аял

Кочкор-Ата

Сакалды

Шайдан

Стол теннис

Эркек

Кочкор-Ата

Масы

Ноокен

Аял

Масы

Шайдан

Арал

Тогуз коргоол

Эркек

Кочкор-Ата

Шайдан

Арал

Аял

Шайдан

Масы

Кочкор-Ата

Волейбол

Эркектер

Кочкор-Ата

Ноокен

Сакалды

Аялдар

Кочкор-Ата

Бүргөндү

Шайдан

 

Жалпы командалык эсепте 1-орунду Кочкор-Ата шаарынын, 2-орунду Шайдан айылынын жана 3-орунду Масы айылынын мугалимдеринин курама командалары  ээлешти. Андан сырткары мыкты оюнчу, эң жаш оюнчу, ардагер оюнчу номинациялары да тапшырылды.  

Жеңүүчүлөр диплом, кубок жана  акчалай сыйлыктар  менен сыйланышты.

 

Маалыматты даярдаган: Т. Бакиров - кесиптик бирликтин  Ноокен райондук комитетинин инспектору