Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин август конференциясы

2023-жылдын 25-августунда Кадамжай районунда мугалимдердин август конференциясы маданият үйүндө өткөрүлдү. Конференцияга Кадамжай райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким К.А.Шакиров, Кадамжай райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.О.Орозбаев, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Кадамжай райондук комитетинин төрагасы А.Ю.Момошов жана ардагер мугалимдер, педагогикалык жолун алгачкы ирет баштап жаткан жаш адистер, мектеп, бала бакча жетекчилери жана алдыңкы чыгармачыл мугалимдер катышышты.

Конференция салтанаттуу түрдө Кыргыз Республикасынын Гимни менен башталып, 2022-2023-окуу жылында аткарылган иштерге баа берилип, 2023-2024-жылга карата милдеттер белгиленди. Кадамжай райондук мамлекеттик администрациясынын, райондук билим берүү бөлүмүнүн, Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин областтык жана райондук комитетинин Ардак грамоталары тапшырылды. Номинациялар боюнча тандалган эң мыкты мугалимдерге, мектеп жана бала бакча жетекчилерине райкомпрофсоюз тарабынан баалуу белектер берилди.

 

Маалыматты даярдаган: Кадамжай райондук КБКнын уюштуруучу адиси У.Халилова