Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдердин Август Кеңешмеси - 2023

“Билим берүүнүн санарип платформасы жана жашыл көндүмдөр!” - дал ушул теманын астында 2023-жылдын 21-24-августунда Сүлүктү шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан жаңы 2023-2024-окуу жылын баштоо алдында усулдук окуулар жана педагогдордун август Кеңешмеси уюштурулуп өткөрүлдү.

21-август күнү секциялык окуулардын салтанаттуу линейкасы өткөрүлүп, биринчи маселеге, билим берүү бөлүмүнүн усулканаасы тарабынан 2022-2023-окуу жылында билим жаатындагы көрсөткүчтөрүнө жалпы анализ даярдалып, ар бир секцияга талкууга берилди. Экинчи маселеге, 2022-2023-окуу жылындагы базистик окуу планы менен таанышып,талкуулап, окуу методикалык китептерге талдоо жүргүзүлдү. Үчүнчү маселе, Пиза-2025ке даярдык, ЖРТ жана олимпиадага даярдык көрүү боюнча маселелер кеңири талкууланды.

22-август күнү усулкаана тарабынан даярдалган маалыматтарды колдонуп жаңы кабыл алынган "Билим берүү мыйзамы" жөнүндө тарбиячылар жана мугалимдер кеңири түшүнүк алышты. Ата-энелер мектеби боюнча Г.Мадеминовдун шакирттери Буушай Аширова жана Айбашева Айназ презентация аркылуу мугалимдерге кенен маалымат беришти.

Секциялык иштерге шаарыбыздын мэринин орун басары Тагаев Бактыбек Исманалиевич жана Билим илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы Кудаяров Канатбек катышып, мугалимдердин ой-пикирлерин, талкууларын угуп секциялык иштерге актуалдуу маселелер коюлганын белгилеп өтүштү.

24-август күнү И.Раззаков атындагы мектебинде Август пленардык кеңешме өткөрүлдү. Кеңешмеге КР Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары М.К.Тулаев, шаар мэри Б.Ш.Абдыжапаров, депутаттардын шаардык кеңешинин төрагасы Р.М.Жайнаков жана бир катар шаар жетекчилери, билим берүү бөлүмүнүн башчысы, ардактуу мугалимдер, билим берүү мекеме жетекчилери жана 150гө чукул педагогдор катышышты.

Кеңешмени шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Н.М.Джапарова ачып, 2022-2023-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча кеңири маалымат берип өттү. Келген коноктор да куттуктоо сөздөрүн айтышып, алдыңкы мугалим тарбиячыларга облустук, шаардык мэриянын жана билим берүү бөлүмүнүн сыйлыктарын тапшырышты.

Ишке жаңы кадам таштаган жаш адистерди мугалимдердин катарына кабыл алып, аларга кесиптик бирликтин баалу белектери тапшырылды. Ал эми жумушун токтотуп ардактуу эс алууга чыгышкан эжей-агайларга да белектер тапшырылып, салтанаттуу узатылды.

Кеңешменин аягында резолюция кабыл алынып, жаңы окуу жылындагы милдеттер жана тапшырмалар белгиленди.

 

Маалыматты даярдаган: Сүлүктү шаардык комитетинин басма сөз кызматы