Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдер КР Өкмүтүнө ыраазы

       КР  Өкмөтүнүн  билим берүүнү  өркүндөтүү  багытындагы  пландарына  ылайык Ноокен районундагы №12 Ж.Султанов  атындагы  орто  мектеби  дагы  100  капыталдык  ремонттон   чыгарылган  мектептердин катарында   12  млн. каражат  жумшалып, жаңы  толук  шарттары   менен  талаптагыдай  мектеп болду. 

        Мектептин  иш  тажрыйбасын  жайылтуу  максатында 2016-жылдын 26-октябры  күнү   №12  Ж.Султанов  атындагы  орто  мектебинин базасында  райБББ коллегиясы менен  райКБКнын Президиумунун биргелешкен көчмө  кенешмеси өткөрүлдү.

         Биргелешкен  кенешмеде  билим  берүү  тармагынын куз-кыш   мезгилине  даярдыгынын  жана  коопсуздукду  камсыздоо   иш-чараларынын  аткарылышынын  абалы   жөнүндө райКБКнын  төрагасы  К.Нышанов маалымат  берип,  эмгектенуу  шарттарын  жакшыртуу  боюнча сунуштарын билдирди.РайкБКнын  тескөөчүсү  А.Айдаров кошумча  маалыматтар  берип, коопсуздукту камсыздоо үчүн  аткарылышы   зарыл милдеттерге  токтолду.

         РайБББнун  башкы  адиси  З.Усенов жана райБББнүн  адиси  М.Абдусаматовалар  мониториг жүргүзүлгөн  мектептер  жана  бакчалар жөнүндө  билдирүү  жасап,  алдындагы милдетерди  белгилешти.

         РайБББнүн кадрлар  бөлүмүнүн  башчысы Г.Борбиева мугалимдерди  аттестациядан  өткөрүүнү  уюштурүүнүн чаралары  жөнүндө жаңы маалыматтарды  берди. Жетекчилердин  алдындагы аткарыла  турган  иштерин  өзүнчө  белгилеп,  райБББнын   башчысы Б.Козуев кеңешмени жыйынтыктады.

          Мектеп  менен  таанышкан  жетекчилер  жана мектептин  педжамааты КР Өкмөтүнө чексиз  ыраазычылыктарын  билдиришти.

Материалды  даярдаган райКБКнын  тескөөчүсү-А.Айдаров.