Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдер күнүнө карата спартакиада

       2016-жылдын 1-октябрь күнү Б.Бекжанов атындагы орто мектептин базасында Эл аралык мугалимдер күнүнө карата билим жана илим кызматкерлер профсоюзунун Нарын райондук комитети  тарабынан уюштурулган билим берүү кызматкерлеринин арасында спорттун 6 түрү боюнча спартакиада болуп өттү.  Спартакиадага  райондогу 6 зонада утуп чыккан жеӊүүчүлөр жана профтехлицейдин жана бала бакчалардын командалары болуп баардыгы 300гө жакын билим берүү кызматкерлери катышты. Жыйынтыгында 1- орунга Дөбөлү, 11 – орунга Чет-Нура, 111- орунга Эмгекчил өрөнү жетишип баалуу сыйлыктарга татыктуу болушту.

    Спартакиада ар бир түрү боюнча жеӊүүчүлөргө атайын даярдалган кубоктор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Бүгүнкү күндө облустук спартакиадага командалар  түзүлүп даярдыктар жүрүп жатат.