Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдер күнү Аксы районунда

   5-октябрь мугалимдердин кесиптик майрамына карата Жалал-Абад облусунун Аксы районунун билим берүү бөлүмү мене билим берүү илим кызматкерлеринин профсоюзунун Аксы райондук комитети бирлигинин 5-октябрь «Хан-Тенир» салтанат сарайында чоӊ майрамдык салтанат өткөрүлдү.

   Салтанатка жашы жете электерди тарбиялоодо, албан-албан ийгиликтерге жетишкен алдыӊкы педагогтор, өмүрүн билим берүүгө арнаган ардагер мугалимдер, мектептин жана мектепке чейинки мекемелердин башчылары, баштапкы профсоюз уюумунун төрайым, төрагаларынан турган  эки жүздөн ашык коноктор чакырылып чоӊ майрамдык салтанат өткөрүлдү.

    Салтанатка  Аксы райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Мырзамамытов Масалбек Мырзатарович катынып куттуктоо менен бирге алдынкыларга «Ардак грамоталарды» тапшырды. Мектеп  жана мектепке чейинки билим берүү уюумдарынын жетекчилери, төрайым, төрагалар жана алдынкы мугалимдерге концерттик програмалар уюуштурулду.