Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдер Өкмөткө ыраазы

               2015-жылдын 8-октябры күнү КРнын  Премьер Министри  Т.А. Сариев, КР нын Билим берүү  жана илим  министри Э.К. Сариева, КР Өкмөтүнүн Жалал-Абад облустундагы ыйгарым    укуктуу өкүлү Ж.Ш. Эгембердиевалар жумуш  сапары  менен Ноокен  районунда болушту.                    

             Республикалык  жетекчилер Сакалды  айыл  аймагында жаңы бүткөн №48 “Сакалды”  орто  мектеби  менен таанышып, эл  жана  мугалимдердин жамааттары менен ой бөлүшүп баарлашты. Премьер Министр КРнын  Жогорку  Кеңешине  шайлоону  ийгиликтуу өткөндүгү кыргыз элинин чоң  жеңиши болду деп белгиледи. Өкмөт тарабынан  мугалимдердин айлыктарын көтөрүлгөндүгү боюнча мугалимдердин пикирлерине кызыкты. Мугалимдер КР нын Президенти А. Атамбаевка  жана КР Өкмөтүнө ыраазычылыктарын  билдиришти.

              КРнын Билим берүү  жана илим  министри Э.К. Сариева  мектептердин жетекчилери жана  мугалимдер  менен жолугушуп, айлык  акылар боюнча, аттестациялар аркылуу категорияларды киргизүү жөнүндө, жаңы 100 мектептин  курулушу, 100 мектептин капиталдык ремонту, китептердин басылып чыгышы, билим сапатын көтөрүү, билим стандарттарына толуктоолор, бүтүрүүчүүлөрдүн  көмөгү  менен  инвестицияларды тартуу, мугалимдердин  пенсияларына кошумча акы болотурган  механизмдер жөнүндө айтып, пикир  бөлүштү. Ноокендиктер министрликтин жүргүзүп жаткан иштерине ийгиликтер каалашты.

 

 

Даярдаган: Билим, илим профсоюзунун Ноокен райондук комитетинин укук  жана эмгекти  коргоо боюнча тескөөчүсү-А.Айдаров.