Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдер эс алууга жиберилди

      Билим берүү кызматкерлеринин Ак-Суу райондук профсоюз комитети тарабынан районубуздагы билим берүү  мекемелеринен 40 мугалимге Чолпон-Ата шаарындагы «Ала-Тоо» эс алуу жайына 3 күндүк жолдомо берилди.

     Районубуздагы 35 мектептин администрациялары,  баштапкы профсоюз уюмдары 2016-2017-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча мектептерде окутуу-тарбиялоо ишинде жакшы көрсөткүчтөргө жетишишкен кесибинин  алдыңкылары райондук профсоюз комитетине сунуш кылынып,ошол мугалимдер эс алууга жиберилди.

     Эс алууга узап жатышкан мугалимдер алар үчүн  көрсөтүлүп жаткан колдоого райондук профсоюз комитетине, райондук билим берүү бөлүмүнө ыраазычылыктарын айтышты.

     Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы М.Темиралиев жана райондук профсоюз комитетинин кызматкерлери мугалимдерге жакшы эс алууну, байсалдуу сапарды каалап узатышты.

 

Айжан Төрөева,

Ак-Суу райондук профсоюз комитетинин башкы адиси.