Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдер арасында уюштурулган спартакиада.

Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу кышкы каникул күндөрүндө мектеп мугалимдери үчүн спартакида оюндарын уюштурду. Спартакиада волейбол, теннис, тогуз коргоол оюндары   боюнча  3 тур менен өткорүлдү. 1-тур мектептерде 4-9-январда, 2-тур  14-январда  мектептер 5 топко  бөлүнүп 5 мектепте  регионалдык, 3-тур райондук 20-январда Чүй айылындагы №1 мектепте жыйынтыкталды. Спартакида оюндарынын райондук түрун Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун төрагасы Самат Наматов ачып биринчи, экинчи турлар боюнча жыйынтык иштерине токтолуп, алдыдагы оюндарда ийгиликтерди каалап өттү.

Оюндун негизги бөлүгүн Чуй райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Бакыт Алмакунов, райондук дене тарбия ресурстук борборунун, райондук дене тарбия боюнча методикалык бирикменин жетекчиси Тилек Орозганов  жетектеп  калыстык иштерин жүргүзүштү.

Райондук спартакиадага регионалдык турда жеңүүчүлөр болушкан   В.Ф.Марков атындагы, О.Исаев атындагы, Искра айылындагы, Ы.Борончиев атындагы, Мектеп интернаты мектептеринин мугалимдер жамааты катышышты.

Жыйынтыгында волейбол боюнча 1-орун – Искра айылындагы мектебинин жамаатына, 2-орун Мектеп интернатынын жамаатына, 3-орун Ы.Борончиев атындагы мектептин жамаатына ыйгарылды.

Теннис боюнча Кошой айылындагы мектептин мугалими Дыйканалиева Л., тогуз коргоол боюнча С.Ибраимов атындагы мектебинин мугалими Мадалбеков З ыйгарылды.

Жеңүүчүлөргө Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзунун Ардак грамотасы жана кызыктыруучу белектер  тапшырылды.

 

Чүй райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюзу