Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

МУГАЛИМДЕР ЖАЙКЫ ЭС АЛУУНУ КӨҢҮЛДҮҮ ӨТКӨРҮҮДӨ

Баткен районунун Чоң-Кара айылындагы Токтогул атындагы орто мектебинин мугалимдери мектептин баштапкы кесиптик бирлик уюмунун төрайымы Атабаева Парахаттын уюштуруусу менен  3 күндүк дем алуу экскурсиясы Баткен-Ош-Өзгөн-Арсланбаб-Баткен багытында уюштурулду.     Экскурсияга облустук,  райондук профсоюз комитети тарабынан колдоо көрсөтүлдү.

Мугалимдер экскурсия учурунда Ош шаарында, Өзгөндө мунарада, Арсланбабтын кооз жайларында, жаратылыш койнунда дем алышып, жыл бою иштеп, чарчаган мугалимдер эс алышты.

Мугалимдер өз ыраазычылыктарын билдиришип профсоюз уюмдарынын ишмердүүлүктөрүнө жана мындан кийинки эс алууларды уюштуруу иштерине ийгилик каалашты.

 

Баткен РПКнын адиси 

Б.Абдыразакова