Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдер спортто да мыктылыгын далилдешти

24-март күнү Чаткал районунун Айгыр-Жал айылындагы Матиш уулу Исмайыл атындагы жана А. Айымбетов атындагы орто мектептеринде Чаткал районундагы билим берүү кызматкерлеринин 23-спартакиадасы болду.

Спартакиадага район боюнча эркектерден турган 13 команда, аялдардан турган 7 команда, жалпысынан 20 команда катышып, спорттун волейбол, шахмат жана теннис түрлөрү боюнча күч сынашты.

Мында, мугалимдер  мелдештин программасында камтылган оюндарда жогорку деңгээлде таймаш көргөзүшүп, бир гана билим берүү жаатында эмес, спортто да мыкты экендиктерин иш жүзүндө далилдей алышты.

Мелдеш соңунда, калыстардын жыйынтыгы менен волейбол боюнча эркектер арасында 1-орунду Исмайыл уулу Матиш жана Ж. Ташкеев орто мектептеринин мугалимдеринен турган команда багындырды. 2-орунга Чакмак-Суу орто мектебинин командасы ээ болду. Ал эми, 3-орун Сумсар, Ю.А.Гагарин, В.И.Ленин жана Терек-Сай орто мектептеринин курама командасына ыйгарылды.

Аялдар командаларынын арасынан 1-орун Исмайыл уулу Матиш орто мектебинин командасына берилди. 2-орунду Чакмак-Суу орто мектебинин командасы ээледи. Ал эми, 3-орун Башкы-Терек орто мектебинин командасына ыйгарылды.

Шахмат боюнча 1-орунду Башкы-Терек орто мектебинин мугалими  Ж.Алиев, 2-орунду А.Баймырзаев орто мектебинин мугалими К. Смаилов, 3-орунду Терек-Сай орто мектебинин мугалими Н. Анарбаев ээледи.

Теннис боюнча эркектер арасынан 1-орун Сумсар орто мектебинин мугалими А.Алымов, 2-орун Исмайыл уулу Матиш орто мектебинин мугалими А. Нармырзаев, 3-орун Ю.А.Гагарин орто мектебинин мугалими А. Вахабовго берилди.

Ал эми, аялдар арасында теннис боюнча 1-орун Башкы-Терек орто мектебинин мугалими Н.Каримова, 2-орун Чымканаев орто мектебинин мугалими Г.Алимбекова, 3-орун Чакмак-Суу орто мектебинин мугалими С.Баймырзаевага ыйгарылды.

Мелдеш соңунда, спартакиаданын негизги уюштуруучусу болгон райондук билим беруү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрагасы Ызан Кудайбердиев катышуучуларга ыраазылык билдирип, келерки апрель айынын соңунда тандалган спортчу мугалимдер облустук спартакиадага бараарын маалымдады.

Ал эми, райБББнын башчысы Тажибай Тынышов катышуучулар мындан кийинки спорттук иш чараларда спорттук кийим менен келүүнү колго алуу керектигин жана бул маселени жөнгө салууга тийиштүү аракеттер көрүлөөрүн айтып, спартакиаданы өткөрүүгө демөөрчүлүк көрсөткөн Каныш-Кыя айыл аймагынын башчысы Нургазы Жолдошевге  ыраазылык билдирди.

Эскерте кетсек, спартакиаданы өткөрүүгө райондук билим беруү кызматкерлеринин кесиптик бирлиги тарабынан 20 миң сом жана Каныш-Кыя айыл аймагы тарабынан 10 миң сом, жалпысы 30 миң сом акча каражаты жумшалды.

М.Эшназаров. КР. Журналисттер кошуунунун мүчөсү