Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдер спартакиадасы

Аксы районундагы мектептер жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын арасында спорттун түрлөрү боюнча райондук спартакиада өткөрүлдү. Бул спартакиада райондук кесиптик бирлик комитети жана билим берүү бөлүмү тарабынан жогорку деңгээлде уюштурулду. Спорттун волейбол, шахмат, тогуз коргоол, теннис түрлөрүн аймактык турдан жеңип чыккан эркектерден жана аялдардан түзүлгөн командалар катышты.

Жалпысынан 8 аймак катышып, мыктылар жеңишке жетишишти. Н.Мамбетов мектебинин эжейлер командасы спорттун волейбол түрүнөн 3-орунду ээлешти, ал эми шахматтан Урустемова Айнура 2-орунду багындырды. Тогуз коргоол оюнунан Бөкөнова Мунара 3-орунду ээледи. Жеңишке жетишкен командаларга райондук кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.Камчыбеков жана билим берүү уюмунун усулчусу Т.Биримкулов каалоолорун айтышты.

 

Райондук кесиптик бирлик комитети тарабынан Ардак грамоталар, кубоктор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. 1-орунду багындырган командалар областтык турга катышууга жолдомо алышышты.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Аксы райондук комитети