Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Мугалимдер спартакиадасы -2024»

Ысык-Ата районунда мугалимдер арасында сергек жашоо образын жайылтуу жана өнүктүрүү, ошондой эле системалуу спортко болгон кызыгууну арттыруу максатында жыл сайын Ысык-Ата районунун мугалимдеринин спартакиадасын өткөрүү жакшы салтка айланып калган. Ысык-Ата райондук билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлик комитети жана Ысык-Ата райондук билим берүү бөлүмү менен бирге Спартакиаданы өткөрүү боюнча атайын иштелип чыккан жобого спорттун беш түрү киргизилген: эркек, аялдар волейболу; 40 жашка чейинки, 40 жаштан кийинки кичи футбол; аялдар жана эркектер кыргыздын улуттук оюну “Тогуз коргоол”, стол тенниси жана шахмат.

Спартакиаданын жыйынтыгы боюнча командалар спорттун ар бир түрү боюнча 1-2-3-орунду ээлеген командалар жетишкендиктери үчүн акчалай сыйлыктар, кубоктор жана дипломдор менен сыйланышты.

Андан тышкары 65тен жогорку жаштагы Спартакиадага катышкан мугалимдер баалуу белектерди алышты. Таймашка катышкандардын бардыгына тамактануу уюштурулуп берилди.  

Уюштуруучуларга, иш-чаранын өткөрүлүшүнө жана билим берүү кызматкерлерине колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыктарын билдиришти.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Ысык-Ата райондук комитети