Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдер күнү белгиленди

Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областык комитети менен Ош билим берүү институту биргеликте 2023-жылдын 5-октябрында мугалимдердин кесиптик майрамын өткөрүштү. Иш-чарага райшаардын билим берүү уюмдарынан 220дөн ашуун алдыңкы, чыгармачыл мугалимдери, тарбиячылары, эмгек ардагерлери катышышты.

КР Президентинин Ош областтык ыйгарым укуктуу өкүлү Джантаев  Элчибек Нуржаадиевич катышып, майрам ээлерин кесиптик күнү менен кызуу куттуктап, мугалим турмуштагы баардык кесиптин ээлерине таалим-тарбия берип, үйрөтүүчү инсан экендигин баса белгилеп, областтык ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн Ардак грамоталарын бир топ кызматкерлерибизге тапшырды. Жакында эле дүйнөнүн күрөш боюнча чемпиондугун женип алган Акжол Махмудовдун агайын областтын «Ардактуу атуулу» наамы менен сыйлады. Аны менен бирге Ош билим берүү институтунда айрым мугалимдерге Ардак грамоталарын да тапшырды. 

Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык кесиптик бирлик комитетинин төрагасы С.Тойгонбаев катышуучуларды куттуктап сөз сүйлөдү. Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук комитетинин «Кыргыз Республикасынын билим, илим кесиптик бирлигинин мыктысы» төш белгилерин, Ардак грамоталарын жана ОПКнын Ардак грамоталарын, билим берүүдөгү жетишкен ийгиликтери үчүн Кара-Кулжа, Ноокат райБББларын жана «Мыкты айылдык мектеп-2023» номинациясы боюнча 1-орунду ээлегендиги үчүн Кара-Кулжа районундагы Ормокеев атындагы орто мектебин жана «Мыкты айылдык бала бакча-2023» номинациясы боюнча Араван районундагы «Көз-мончок» балдар бакчасы I даражадагы дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Сыйлыктарды Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош областтык ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Э.М.Толтоев жана төрага С.Тойгонбаев биргеликте тапшырышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө областтык Р.Абдыкадыров атындагы филармониянын артисттери кесиптик майрамды белгилөө, жагымдуу маанай тартуулоо концерт менен коштолду.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Ош областык комитети