Мугалимдер “Көгүлтүр Ысык-Көлдө”
Жалал-Абад областына караштуу Билим берүү жана илим кызматкерлер кесиптик бирлигинин Сузак райондук комитети билим берүү кызматкерлеринин ден соолуктарын чыңдоого ар дайым аракет кылып келишет.
Учурда Сузак районуна караштуу №10 Көк-Арт мектеп-гимназиясынын мугалимдери К.Мамаева жана У.Темиркулова кесиптик бирликтин Сузак райондук комитети тарабынан “Көгүлтүр Ысык-Көл”санаториясында эс алып, дарыланушууда.
Эс алуучулар аталган шарттарды түзүп берген Кыргыз Республикасынын Билим жана илим кызматкерлер кесиптик бирлигинин борбордук комитетине жана Сузак райондук кесиптик бирлик комитетине ыраазычылык билдиришти.
Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Сузак райондук комитетинин адиси М.Примкулов