Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдер үчүн усулдук китеп даярдалды

Чаткал райондагы Сатыбалды Байдөөлөтов атындагы  инновациялык жалпы орто мектебинин англис тил сабагынын мугалимдери  “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими” Алыбаева Айсалкын Бузурманкуловна  жана “Билим берүүнүн мыктысы” төш белгисинин ээси Аматова Гүлбайра  Иминовна көп жылдык  иш-тажрыйбасынын аркасында  “Элеттик агартуучулардын усулдук эмгектери” аттуу усулдук китеп даярдашкан.

Китептин бет ачарында Чаткал  райБББнун  башчысы Эмилбек  уулу Талантбек, кесиптик  бирликтин Чаткал  райондук  комитетинин  төрагасы  Ы.К.Кудайбердиев, алдыңкы мугалимдер жана чакырылган меймандар  катышты. Бул усулдук китептин жаш мугалимдерге көп пайдасы тийери ачык-айкын. Китепти чыгарууда каржылык жардам көрсөтүүнү Каныш-Кыя айыл өкмөтү жана жергиликтүү депутаттар колго алган.

Усулдук колдонмонун авторлоруна райондук  кесиптик  бирлик комитетинин төрагасы  Ы.Кудайбердиев тарабынан жайкы эс алууга жолдомо бериле турганы белгиленди.

 

Маалыматты даярдаган: Кесиптик бирликтин Чаткал райондук комитети