Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдер арасында спартакиада өткөрүлдү

29-30-сентябрда К.Сулайманова атындагы №2 Кайыңды мектеп–гимназиясынын жана Панфилов жалпы билим берүү орто мектебинин базасында мугалимдер арасында спартакиада өткөрүлдү.

Спартакиада мугалимдердин ден соолугун чыңдоо, системалуу дене-тарбияны, спортту жана сергек жашоону жайылтуу, райондук мугалимдердин спорттук чеберчилигин жогорулатуу, мектептер арасындагы достук мамилени чыңдоо максатында өткөрүлдү.

Спартакиаданын ачылышы К.Сулайманова ат.Кайынды мектеп-гимназиясынын базасында болуп, ПРБББ башчысы А.А.Султаналиева жана Панфилов райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрайымы А.С.Абдраимова командаларга ийгилик каалап иш-чараны ачып беришти.

Спартакиада спорттун волейбол, теннис, тогуз коргоол, шахмат оюндардын түрлөрү боюнча өткөрүдү. Биринчи күндүн жеңүүчүлөрү 30-сентябрда Панфилов жалпы билим берүү орто мектебинин базасында финалдык оюн үчүн ат салышты.

Волейбол оюну боюнча:

1-орун Вознесеновка ЖББОМ;

2-орун К.Жумагулов ат.ЖББОМ;

3-орун К.Ибраималиев ат.ЖББОМ;

4-орун Ровное ЖББОМ ээлешти.

Ошондой эле теннис, шахмат, тогуз коргоол оюндары боюнча 1-2-3 орундар ыйгарылды. Оюндардын бардык түрүндө байгелүү орундарды багындыргандыгы үчүн К.Жумагулов ат. ЖББОМ "Командалык мыкты оюнчулар" сыйлыгына ээ болушту. Жыйынтыгында Панфилов райондук билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин төрайымы А.С.Абдраимова жеңүүчүлөргө диплом жана баалуу белектерди тапшырды.

 

Маалыматты даярдаган: кесиптик бирликтин Панфилов райондук комитети