Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалимдер арасында мелдеш

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунда Аймактарды өнүктүрүү жылына карата №4 Акпаралиев атындагы орто мектебинде мугалимдер арасында мелдеш болуп өттү .

Мугалимдер өздөрүнүн шамдагайлыгын спорттун ким биринчи эстафетасында көрсөтүштү. Улуттук аркан тартышуу оюнунда командалар ыкчамдыгын күчтүүлүгүн билдирген жеӊүүчү болду. Спорттун волейбол түрү боюнча мелдеш күйөрмандардын кызыгуусун арттырды. Спорттун үч түрү боюнча А.Орозбаева, З.Мирзирахимова, А.Аскарова мыкты спортчу деген наамдарга ээ болушту. Жыйынтыгында мугалимдер арасында уюштурулган ыр бийлер коштолуп бир күндүк эс алуу көӊүлдүү өттү.

Мектептин баштапкы кесиптик уюмунун төрайымы Субанкулова Каныкей мугалимдерге ийгилик ден соолук калоо менен кызыктыруучу белектерин тапшырды.

 

Акпаралиев атындагы

орто мектебинин профкому

К.Субанкулова