Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

«Мугалим жылдызың жансын» темасында флеш моб өткөрүлдү

       Ноокен  районунун  №8  Т.Орозматов  атындагы  орто  мектебинде  5-октябрь –Мугалимдер күнү майрамына  карата  флеш  моб  өткөрүлдү. Иш-чаранын  алдында билим  берүү  жана илим  кызматкерлеринин  кесип бирлигинин аткарып  жаткан  иштерин  чагылтырган көргөзмө  уюштурулду.

       Мектептин  жамааты  райондо өткөрүлгөн  кароо-сынактарда  жеңүүчү  болгон   мугалимдерди  алган   сыйлыктары  менен  даңазалап, мугалимдик  кесиптин  кадыр-баркын  көтөрүү  багытындагы  ырлар  жана  бийлер менен  көрсөтүштү.  Иш-чара кызыктуу  жана  мазмундуу өттү.

Материалды  даярдаган райКБКнын  тескөөчүсү-А. Айдаров.