Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

“Мугалим мөмөлүү дарак”

      4-октябрь күнү эрте менен ОшТУнун студенттери колдоруна гүл кармап, жумушка келген мугалимдерди майрамы менен куттукташып өзгөчө тосуп алышты. Түштөн кийин “Мугалим мөмөлүү дарак” аттуу  мугалимдер күнүнө арналган чоң салтанат болуп өттү. Салтанатта ОшТУнун ректору профессору А.Абидов куттуктоо сөз  сүйлөп, эмгеги менен элге сиңген мугалимдерге сыйлыктарды жана ОшТУнун , Ош шаардык мэриясынын “Ардак громаталарын” тапшырды. Андан кийин ОшТУнун маданий эстетикалык борбору тарабынан даярдалган чоң концерттик программа  коюлду.

     Концерттик программада белгилүү ырчылар, бийчилер жана ОшТУнун КВН командалары оюн коюшуп жана ырдашып, мугалимдердин маанайын көтөрүштү. Концертте ар кандай кызыктуу конкурстук оюн-шооктор өткөрүлүп, жеңүүчүлөрүнө ОшТУнун  бириккен  профсоюз  комитети тарабынан сыйлуу белектер тартууланды.

 

Бириккен  профсоюз комитетинин төрөгасы:               А.К. Арзыматов