Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

МУГАЛИМ – КЕЛЕЧЕКТИН УСТАТЫ

    Сүлүктү шаардык билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамы шаардык маданият сарайында зор шаан – шөөкөт менен өткөрүлдү. Майрамдык салтанатка шаардык билим берүү мекемелеринде иштеп жаткан бардык педагогикалык кызматкерлер катышты. Ардактуу эс алууда жүрүшкөн билим берүү кызматкерлеринин 55 эмгек ардагерлери алдыңкы катарларда отурушуп, салтанаттын көркүнө көрк кошту. Салтанаттуу азем В.И.Ленин атындагы №1 орто мектебинин окуучулары тарабынан даярдалган саламдашуу менен башталды. Аземди шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.Ж.Исманов ачып, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик майрамдары менен кызуу куттуктап, билим берүү мекемелеринде натыйжалуу иштеп жатышкан алдыңкы мугалимдердин аттарын сыймыктануу менен атады жана башкаларды дагы алардын катарына теңелүүгө чакырды.

    Шаардын мэри А.А.Ибрагимов жана депутаттардын шаардык кеңешинин төрагасы К.А.Исмаиловдор ардактуу кесип ээлерин майрамдары менен куттукташты, алдыңкыларга Билим жана илим министрлигинин, Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Борбордук, областтык жана шаардык комитеттеринин жана шаардык мэриянын, шаардык кеңештин, билим берүү бөлүмүнүн сыйлыктары тапшырылды. Эмгек ардагерлерине баалуу белектер уюштурулуп, тапшырылды.

     Салтанаттуу аземдин экинчи бөлүгү шаардын борборундагы “РАХАТ” тойканасында уланып, билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин шаардык комитети тарабынан сый тамак уюштурулду. Сый тамакта ардагерлер төрүбүздүн көркү болуп, кесиптик бирликтин комитети аларга кызмат кылышты. Балдар чыгармачылык борборунун тарбиялануучуларынын жана билим берүү мекемелеринин концерттик номерлери майрамдын көркүн ачты.

Билим берүү кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин

Сүлүктү шаардык комитетинин төрагасы           К.С.Кудаяров