Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалим эң ардактуу кесип экендигине сыймыктаналы...

Базар-Коргон районунуна карашту Ж.Бөкөнбаев атындагы гимназия жатак мектебинин химия жана биология мугалими.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “ Ардак Грамотасы ”; Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн отличниги”, мугалимдердин III съездеринин делегаты. Областтык жана Республикалык “Жылдын мыкты мугалими” конкурсунун жеңүүчүсү.Педогогикалык стажы 21жыл. Базар-Коргон райондук билим берүү бөлүмүнүн, Базар-Коргон райондук мамлекеттик администрациясынын, Жалал-Абад областтык билим берүү усулдук борборунун, Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин Ардак Граммоталары; Жалал-Абад областтык “Билим берүү тармагындагы 2013-жылдын мыкты иштерманы” номинациясынын жеңүүчүсү диплому; ”Жылдын мыкты мугалими”, “Мыкты адис”, “Жалпы Республикалык тестке даярдаган мыкты мугалим” номинацияларынын жеңүүчүсү.

Мен  бул педагогикалык  кесипти тандагандан баштап баштап, бул  мугалимдик өтө жоопкерчиликтүү жана ардактуу кесип экендигин байкадым. Ушул мезгил ичинде көптөгөн жаш муундарды тарбиялап, алардын турмуш жолдорун табууга жардам бере алгандыгыма кубанам. Азыркы мезгилде окуткан окуучуларым ар түрдүү кесип ээлери болушуп, өлкөбүздүн экономика жана социалдык өнүгүшүнө салым кошушкан жана эң негизгиси терс көрүнуштөргө барбаган адептүү, ыймандуу инсандардан болууга жетишкендиктерине жана коомдо өз ордуларын ээлеп жатышкандыктарына сыймыктанамын. Алардын арасында мектеп жетекчилери, айыл жана шаар башчылары, айылдык,шаардык , областтык деңгээлдеги депутаттар, белгилүү дарыгерлер, илимпоздор,    бизнесмендер ж.б. чыгышты. 

Мен химия жана биология сабактарын окуутуда азыркы талапка ылайык интерактивдүү усулдарды колдонуп өтүүгө аракеттенем. Ошондой эле жаңы  типтеги сабактарды өттүгө усулдарым боюнча тажрыйбаларым республиканын, областын мектептеринде жайылтылып,”Инсан” журналына жана ”Кут билим-сабак” , “XXI кылым” , “ Мугалимдер дүйнөсү“ ж.б. газеталарына жарыяланып келе жатат.

                             Олимпиадага көрулгөн даярдыктар

1994-жылдан 2015-жылга чейин ар жылы үзгүлтүксүз түрдө окуткан окуучуларым химия, биология предметтери боюнча райондук, областык жана республикалык этаптагы олимпиадаларга активдүү катышышып, байгелүү орундарды (100 дөн ашуун окуучу) ээлеп келишүүдө. Мен окуучуларды олимпиадага даярдоодо эң биринчи кезекте алардын билим жана кабыл алуу жөндөмдүүлүктөрүнө көңүл бөлүү менен алардын эрктүүлугүн да эске аламын. Андан соң мындай шыктуу балдардан бир нече майда топторду түзүп, алардын жөндөмдүүлүктөрүнө жараша баскычтуу даярдоо этаптарын уюштурамын. Мында ар бир балага өз балдарымдай мээрим төгүп, аларга камкордуктарды көрүп, алардын ишенимдүү жана керек болсо сыр бөлүшкөн жакын инсаны боолуга аракеттенемин. Анткени ар бир окуучунун жүрөгүнөн түнөк таап, керек болсо кылык-жоруктарына жана мүнөзүнө жараша мамиле жасап, өзүмдү алардын экинчи энеси катары сезип, алар мектепти бутуп кеткен соң бир кымбат, санаалаш адамымды жоготкондой боло беремин. Окуучуларды кандайдыр бир ийгиликке жетишине үй-бүлөдөгү чөйрө да чоң таасир этет. Ошондуктан окуучуларымдын ата-энелерине чейин барып алар менен кеңешип, балдары үчүн биргеликте иш алып баруу менен аларга шарттарды түзгөнгө аракеттенебиз. Мындан сырткары окуучуларыма билим берүүдө аларга чын дилиңен жардам берип жатканыңы сезип, алардын да өз билимдерин өнүктүүрүгө бардык күч аракеттин жумшап жаткандыктарын көргөндө жерге жарык шооласын чачып тиричиликти жандаткан күн сыяктуу, мен дагы болгон күчүмдү жана билимимди бардыгына тең берүүрө далалаттаным.

            1994 жана  2016-окуу жылдардагы химия жана биологияпредметтери боюнча райондук, областтык, республикалык этаптагы олимпиаданын    жеңүүчүлөрүнүн жыйынтык көрсөткүчү.

           Райондук этапта – 100дон ашуун байгелүү орун.

          Областык этапта – 70тен ашуун байгелүү орун.

           Республикалык этапта – 6 окуучу.

           Беларусь республикасында өткөрүлгөн олимпиадада 18 окуучу жеңишке жетишкен.

              Жалпы республикалык тестке даярдануу      

           Ошондой эле окуткан окуучуларым ЖРТте ар жыл сайын химия, биология предметтери боюнча жогорку баллдарга жетишип, коңшу Россия, Казакстан өлкөлрүнүн ЖОЖдоруна жана Кыргыз Мамлекеттик Медициналык Академиясын, Кыргыз-Славян Университинин, ОшМУнун, ЖАМУнун ж.б. окуу жайларынын медицина жана химия, биология факультеттеринин педогогдук кесиптер аркалаган студенттерден (400 дөн ашуун) болушууда.Ошондой эле бүтүрүүчү окуучуларым коңшу Казакстан, Россия, Турция, Германия, Англия, Сауд-Аравия, АКШ ж.б. өлкөлөрүнүн медицина факультеттеринде ийгиликтүү окуп жаткандары менен да сыймыктанамын. Акыркы беш жылды карасак, 2011-2012 – окуу жылында 26 окуучу, 2012-2013-окуу жылында 28 окуучу, 2013-2014-окуу жылында 33 окуучу, 2014-2015-окуу жылында  40 тан ашуун, 2015-2016-окуу жылында 60 тан ашуун окуучу медицина факультеттеринин жана химия, биология мугалимдик кесипти аркалаган студенттерден болушту.

          Мен акыркы мезгилдерде окуучуларды Жалпы Республикалык тестке химия, биология предметтери боюнча даярдоодо  бир гана өзүм эмгектенген Ж.Бөкөнбаев атындагы гимназия жатак мектебиндеги окуучулардан сырткары жардам иретинде Базар-Коргон районундагы башка мектептерден жана республикабыздын булуң бурчтарынан мисалы,  Ноокен, Сузак, Ала-Бука, Өзгөн, Токтогул, Баткен  райондорунан жана Жалал-Абад, Ош, Бишкек шаарларынан, Россия өлкөсүнөн келген бүтүрүүчүлөргө  да таалим берип даярдап келе жатамын.

                     Бутүрүүчүлөрүм  чет өлкөлөрдө

Жогоруда көрсөтүлгөн жигердүү эмгеги бааланып Бөкөнбаев гимназия, жатак мектебинин химия жана биология мугалими Базаркулова Нурсыйда Манасовнаны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак Грамотасы менен сыйланды. Бул жетишкен ийгилиги менен Базар-Коргон профсоюз уюмунун төрагасы Жаркымбаев Сүйүнбек Сариевич колдоолорду көрсөтүү менен куттуктады.