Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

"Мугалим -бийиктиктин ачкычы"

       5-октябрь күнү  Билим кызматкерлер профсоюзунун Кемин райондук комитетинин жана Кемин райондук билим берүү бөлүмүнүн демилгеси менен мугалимдердин эл аралык күнүнө карата билим берүү кызматкерлери менен жолугушуу өткөрүлдү.

      Жолугушууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешининн депутаты Акылбек Жамангулов, Кемин районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы Т.У.Супатаев ,Кемин районунун мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары А.Курманалиева, Кемин районунун айыл өкмөттөрүнүн башчылары жана мектептерде, бала  бакчаларда эмгектенген алдынкы мугалимдер катышты.

   Илимий технологиялык прогрестин өсүү учурунда  мугалимдин даражасын  бийиктикке көтөрүү, аларды  социалдык экономикалык жактан көз карандысыз кылуу бүгүнкү күндүн эн негизги талабы экендигин, белгиледи Жогорку Кенештин депутаты  А. Жамангулов.

   Кемин райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы - Аким Т.Супатаев- Кыргыз мамлекетинин демократиялык багытта өсүшүнө мугалимдердин дагы кошкон салымынын зор экендигин белгиледи.  

     Айыл өкмөтүн башчылары мугалимдердин айыл жергесинде жасап жаткан иштерине кенири токтолушту. Билим кызматкерлер профсоюзунун Кемин райондук комитетинин   төрайымы А.Чылабаева  өз сөзүндө мугалимдердин бүгүнку күндө жасап жаткан эмгеги туура бааланбай жаткандагын баса белгиледи. Тарыхта мугалимдердин даражасын  Иса пайгамбардын,,Мухаммад пайгамбардын даражасына тендешчү экен. Кыргыз мамлекетинде дагы  мугалимдердин даражасы бийик көтөрүлөөрүнө ишенгендигин баса белгиледи. Директорлор корпусунун атынан Кара Булак орто мектебинин директору Н.Түлөбаева сөз сүйлөп Өнуккөн мамлекеттерде мугалимдерге көрүлгөн ар кандай  колдоолор жөнүндө Мисалы Япония мамлекетинде мугалим  эӊ барктуу кесип жана эӊ бийик даражалуу адам экендигин айтып өттү.

       Жыйындын акырында  Жогорку Кенештин депутаты  А. Жамангулов Алдынкы мектеп директорлору Тегирменти орто мектебинен
Н.Ашыралиева, Шабдан орто мектебинен Г.Оторбаева, Самансур орто мектебине Г.Өмүрбаевага Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин
"Ардак Грамотасын" жана  "Тарых жана мадданият" жылына карата билим берүү мекемелеринин арасында  өткөрүлгөн Сармерден кароо конкурсунун женүүчүлөрүнө 30.000 (отуз мин) сом акча каражатын сыйлык катары тапшырды.
       Ошондой эле Билим кызматкерлер профсоюзунун Кемин райондук комитетинин төрайымы А.Т.Чылабаева Билим илим кызматкерлер профсоюзунун Борбордук Комитетинин   Ардак Грамоталарын   айыл өкмөттөрунун башчыларына
Чон Кемин айыл өкмөтүнүн башчысы- Т. Аманов ,Кызыл Октябрь айыл өкмөтунун башчысы- Т.Асанов жана Орловка шаарынын МЭРи
Ж .Дүйшөбге ыйгарып, мектептерге көрсөткөн  жардамдары үчүн ыраазычылык билдирди..
       Билим илим кызматкерлер профсоюзунун демилгеси менен Билим берүү Министрлигинин " Билим берүүнүн мыктысы "төш белгисин-А.Турусбекова-Жаны Алыш орто мектебинин профкому, Билим  берүү Министрлигинин Ардак Грамотасына-Ч.Мурадилова  Билим кызматкерлер  профсоюзунун Кемин райондук комитетинин текшерүү комиссиясынын мучөсү ээ болушту   " Көгултүр Ыссык Көл " эс алуу жайына бөлүнгөн жолдомо Кичи Кемин орто мектебинин профсоюз мучөлөрү Н.Карыбекова, А.Жунушова жана Н.Жумабекуова  ээ болушту.
      Билим  кызматкерлеринин  Кемин райондук  Комитетинин  Ардак Грамоталарын жана акчалай сыйлыктарды ,мектептерде иштеген активдуу профсоюз мүчөлөрунө; И.Качкынбаева-Ак бекет орто мектебинин  профсоюз комитетинин мүчөсу, Яровая Надежда Николаевна-Орловка № 1 орто мектебинин   профкомуна  тапшырды.