Билим жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кыргыз Республикасынын Билим жана илим

кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин борбордук комитети

Кесиптик бирлик региондордо

Мугалим - укканга санат, учканга канат

 
Мугалимдердин кесипке болгон кызыгуусун арттыруу менен, түйшүктүү кесип ээлерин ар тараптан колдоо максатында уюштурулган "Жыл мугалими - 2021" кароо сынагынын райондук туру Лейлек районунун Т.Жапаров атындагы орто мектебинин базасында уюштурулуп, мыкты мугалимдер окутуудагы өзгөчө ыкмаларын, артыкчылыктарын,  чыгармачылыктарын көрсөтө алышты. Натыйжада, №5 мектеп - гимназиясынын математика жана информатика мугалими - Сагыналы кызы Бактыгүл 1- орунду ээлеп Лейлек райондук билим берүү бөлүмү тарабынан I даражадагы диплом жана Билим жана илим кызматкерлеринин профсоюзунун Лейлек райондук комитети тарабынан баалуу белек менен сыйланды.  Кесиптешибизди ийгилиги менен куттуктайбыз! Кийинки турларга ийгилик каалайбыз! 
 
 
Материалды даярдаган: Лейлек райпроф комитетинин төрагасы Бердиев А.